Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровду 26-сентябрга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта аталган соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Улан Жапаровду абакта калтыруу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү келтирген. Эми ал 26-сентябрга чейин Бишкектеги №26 Жазаларды аткаруу мекемесинде болот.
Белгилей кетсек, Улан Жапаров президент Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча шектелип, Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган.