Коррупцияга шектелип президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров кармалды деген маалыматты бүгүн, 6-июлда президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына тастыктап жазды.
"Президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун камакка алынганы тууралуу маалымат боюнча: 32 жаштагы Улан Жапаров (эки бир тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы) Президенттин тууганы экени анык. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды.
Тактап кетейин, президент Садыр Жапаров кимде ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт. Ошондой эле президенттин, анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз", - деди Орунбеков.
Ички иштер министрлиги коррупция беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде У. Ж. аттуу жаран кармалганын тастыкташкан. Алар билдиргендей, учурда тергөө уланууда.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров кармалганын бүгүн, 6-июлда 24.кж укук коргоо органдарындагы булактарга таянып жазып чыккан.