Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы мектепте өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Кайың-Талаа айылында жайгашкан Кебек Мамаев атындагы орто мектебинен өрт чыккан. Жерине ӨКМнын өрт өчүрүүчүлөрү барып, 15:28де өрт толугу менен чектөөгө алынганы айтылды.
Белгилей кетсек, кырсыктын кесепетинен 1144 чарчы метр аянттагы мектептин имараты күйүп кеткен. Мектепте 280 окуучу билим алып келген.