"Чалууларга жооп берген эмес". Өзбекстанда жаран такси кызматынын унаасын талкалады (видео)

Өзбекстандык жаран такси кызматкери чалууларына жооп бербегендиги үчүн анын унаасын талкалады. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 1-августта Өзбекстандын Фергана аймагында катталган. Анда кардар такси кызматын тиркеме аркылуу чакырган. Кардар бир нече ирет айдоочуга байланышууга аракет кылып, анын уюлдук телефонуна чалган. Бирок айдоочунун телефону өчүк болуп, ал кардардын чалууларына жооп берген эмес. Көп өтпөй кардар менен айдоочунун ортосунда пикир келишпестик жаралып, кардар унааны талкалап салган.

Видеодон байкалгандай, окуя болгон жерде укук коргоо органдарын да көрүүгө болот. Бирок алар кардарды токтотууга аракет кылган эмес.

Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелип жатканы айтылууда. Ошондой эле окуяга күбө болуп, эч кандай чара колдонбогону үчүн укук коргоо органдарына да чара көрүлө турганы кабарланууда.

Өзбекстандык жаран такси кызматынын унаасын талкалады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Таксист бала
2023-08-04 00:01:00
Хукук мухофаза килиш орган ходимларининг кийими катта келиб турибди канака килиб чора куришади
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан