Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык таксистке кол салуу окуясы 18-июнда болгон. Бирок жабыркаган мекендеш Элчиликтин дарегине кайрылган эмес. Видео социалдык тармактарда тарагандан баштап Элчилик тараптан жабыркаган Кыргыз жаранынын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштери башталган.
"Азыркы учурда Элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Бул факты боюнча жабыркаган мекендешибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Элчилик тараптан тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатат. Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин дарегине Кыргыз Республикасынын Элчилигинен расмий нота жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
ТИМ жогорудагы маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин көзөмөлүндө экендигин белгиледи.