"Полиция арызын кабыл албай койгон". Москвада кыргызстандык таксист сабалды

Москвада кыргызстандык таксист сабалды. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жүктөлдү.

Маалымдалгандай, жабыркаган адам Шамил Муратов аттуу Кыргызстандын жараны.

Окуя 18-июнда Москванын Хохлов көчөсүндө болгон. Анда кыргызстандык жүргүнчүлөрдөн унаада сыра ичпөөнү суранган. Буга жүргүнчү ачууланып, кол көтөргөн. Мындан улам Муратовдун кашы жырылып кеткен.

Жабырлануучу дароо дарыгерлерге кайрылган жана алар корутунду жазып берген. Ал арыз менен полицияга барган, бирок алар аны кабыл албай, иш козгоодон баш тартышкан.

Кошумчалай кетсек, Шамил Муратов Орусияда мыйзамдуу жашап, иштеп жүрөт.

"Полиция арызын кабыл албай койгон". Москвада кыргызстандык таксист сабалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан