Лионель Месси АКШда экинчи ирет дубль жасады (видео)

Белгилүү футболчу Лионель Месси "Интер Майами" клубу үчүн экинчи ирет дубль жасады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

"Интер Майами" 3-августка караган түнү Лигалар Кубогунун 1/16 баскычында "Орландо Сити" менен кез келди. Беттеште Девид Бекхемдин командасы 3-1 эсебинде жеңишке жетишти. Лионель Месси беттештин 7-мүнөтүндө жана 72-мүнөтүндө гол киргизди. Ал эми Хосеф Мартинес пенальтини ийгиликтүү ишке ашыруу менен үчүнчү голду жаратты. Атаандаш клубдун жалгыз голун 17-мүнөттө Сесар Араухо киргизди.

Лионель Месси муну менен АКШдагы 3 оюнда эле 5 гол киргизип, 1 ирет голдук пас чыгарып берүүгө жетишти. "Интер Майами" эми 6-августта Лигалар Кубогунун 1/8 финалында "Даллас" менен ойнойт.

Месси экинчи ирет дубль жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан