Кечээ, 2-августта Каржы министрлигинде Министрлер кабинети, Япониянын өкмөтү менен Япониянын “Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа” долбоору боюнча эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи өттү.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров, каржы министринин орун басары Руслан Татиков, Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Юуми Ёсикава жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки катышты.
Үстүбүздөгү жылы Япония өкмөтү “Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа” долбоорунун алкагында Кыргызстанга кайтарымсыз 2 миллион 260 миң доллар каражат бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул каражат кадрларды даярдоого жана мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жумшалат.
"Аталган долбоор 2007-жылдан бери эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртуу багытында мыкты кадрларды даярдап, алардын билим алуусуна шарт түзүү максатында иштеп келет. JDS долбоору ишке киргенден тартып кыргызстандык 268 стипендиат Япониянын алдыңкы окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк алган", - деп айтылат маалыматта.