MegaCom компаниясынын мурдагы жетекчиси үй камагына чыкты

"Альфа Телеком" же "Мега" ишканасынын мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Базаркуловдун бөгөт чарасы 31-июлда Биринчи Май райондук сотунда каралган.

"Айыпталуучу Б.А.Т.га карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Келтирилген өтүнмөгө ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар П.М.А., Д.Б.Б. жана Б.А.Т. тарабынан 6 миллион 709 миң 949 сомду түзгөн келтирилген материалдык зыян толугу менен УКМКнын депозиттик эсебине которулган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Азат Базаркулов 27-июнда коррупциялык иштерге шек саналып, тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ал эми 29-июнда Биринчи Май райондук соту Базаркуловду 9-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан