“Альфа Телеком” ЖАКтын сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдирди.
Маалымдагандай, Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшкөн. Алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканы аныкталды.
Ага ылайык, иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени аныкталды.
Ал эми алынган далилдердин негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинде каралган кылмышты жасоого шектелген Б.А.Т. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.