"Ичинде 17 жүргүнчү болгон". Бишкек-Нарын жолунда Спринтер каршы тилкедеги Тойота менен кагышты 

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда Мерседес-Бенц Спринтер менен Тойота-РАВ-4 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, тогуз киши жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Нарын облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү Ак-Талаа районунун Баетов айылынан Бишкекти көздөй 17 жүргүнчү менен бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 343-чакырымынан карама-каршы жол тилкесинде Тойота-РАВ-4 унаасы менен кагылышкан. Анын кесепетинен 9 адам жаракат алып, ооруканага түшкөн.

"Тойота-РАВ-4 унаасынан айдоочу жана эки жүргүнчү сынык жаракат бөлүмүнө, бир жүргүнчү кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми Мерседес-Бенц Спринтердеги бараткандардын ичинен айдоочу жана жанында отуруп бара жаткан эки жүргүнчү сынык жаракат бөлүмүнө, дагы эки жаран денесинен алган жаракатынан улам кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан