Ала-Бука районунун 1-Май айылында таза суу долбоору ишке ашууда

Ала-Бука районунун 1-Май айылынын Шарапкана - Үч-Терек участкасындагы үч чакырымдан ашуун аралыкка таза суу түтүктөрү орнотулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, айылдагы аталган суу өткөрүүчү түтүктөр 1965-жылы орнотулуп, учурда эскилиги жетип, калкты жетиштүү деңгээлде таза суу менен камсыздоодо кыйынчылыктар жаралып келген.

"Маселени чечүүдө жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, жаңы суу куурлары жаткырылууда. Долбоор FSDS коомдук фондунун гранттык программасынын алкагында, "ПО ВТ и СА" жоопкерчилиги чектелген коомунун кош каржылоосунда ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан