"Сап башында Лионель Месси". Дүйнөдөгү эң көп акча тапкан 10 спортчу (тизме) 

Спорт тармагынан көп акча табууга болот. Аны дүйнөлүк спортчулар далилдеп келишет. Ушул жылы дүйнөдөгү эң көп акча тапкан 10 спортчунун катарына футболчулар, баскетболчулар, боксчулар жана гольф оюнчулары кирди. Өткөн жылы ондукка кирген белгилүүлөр Forbes журналынын маалыматына ылайык, дээрлик бир миллиард - 992 миллион доллар тапкан.

SUPER.KG порталы дүйнөдөгү эң бай 10 спортчуну тизмектеди:

Лионель Месси

Бул жылы эң көп акча тапкан спортчу 35 жаштагы аргентиналык футболчу Месси болду. Ал акыркы жылдары атактуу оюнчулардын катарынан жылбай келе жатат. Анын кирешеси - жылына 130 миллион долларды түзөт. Анын спорттук кирешеси 75 миллионго жетет деп болжолдонууда. Ал популярдуулугунан улам дагы 55 миллион табат. Ал эми Socios платформасы менен болгон келишим Мессиге жылына 20 миллион киреше алып келет. Ошондой эле Adidas, Budweiser жана PepsiCo менен келишимдер бар, алар дагы жакшы төлөнөт. Алдыдагы айларда футболчунун кирешеси бир топ жогорулашы мүмкүн: Ал ФИФА тарабынан жылдын мыкты оюнчусу деп табылгандан кийин, бир нече клубдар, анын ичинде Саудиянын Аль-Хилал клубу, Мессиге келишим шарттарын сунуштоо үчүн бири-бири менен жарышууда (мисалы, саудиялыктар сезондо 200 миллион төлөп берүүгө даяр). Бирок, футболчу имидждик товарларды сатуудан түшкөн пайданын бир бөлүгүн берген ПСЖда калышы мүмкүн.

Леброн Жеймс

Леброн Рэймон Жеймстин күйөрмандары аны бардык убактагы эң мыкты баскетболчу деп эсептешет. Ал жалпысынан жылына 121,2 миллион табат. Леброн The SpringHil продюсердик компаниясына ээ. Анын долбоорлорунун бири болгон "Space Jam" комедиясында баскетболчу өзү роль жараткан. SpringHill'дин акциясын сатуу Жеймсге Forbes маалыматы боюнча болжол менен 725 миллион доллар алып келип, анын натыйжасында жалпы капиталы 850 миллион долларга чейин көбөйдү. Баскетбол жылдызы жарнак жөнүндө да унутпайт: Леброн 2015-жылы Nike менен өмүр бою келишимге кол койгон.

Криштиану Роналду

Биздин замандын эң харизмалуу футболчуларынын бири спорттук таланттары менен жылына 115 миллион доллар акча табат. Бир нече жолу Роналду Forbes топ-10 (2016 жана 2017-жылы) биринчи орунга чыкты. Ал эми бүгүнкү күндө үчүнчү орунга түшүп калды. Бирок 2023-жылдын январында саудиялык Аль-Наср менен кол койгон 200 миллиондук келишимди эске алганда, ал 3-орунда калбайт деп айтууга негиз бар. Спорттук гонорардан тышкары, Роналду социалдык тармактардагы аккаунттарынан да көп киреше табат. Футболчунун Instagram, Facebook жана Twitter баракчаларында 690 миллионго жакын каталуучусу бар болгондуктан, Nike, Herbalife жана Clear Shampoo сыяктуу компаниялар жарнама үчүн максималдуу ставка боюнча төлөөгө даяр.

Килиан Мбаппе

Кийинки сапта жаш экенине карабай аз убакытта байыган Пари Сен-Жермендин чабуулчусу жөнүндө. Килиан Мбаппе 24 жашынан баштап жылына 110 миллион доллар табат. Ал өзүнүн клубу менен 2025-жылга чейин ал 250 миллион доллар өтө кирешелүү келишим түзүүгө жетишти. Маркетингдик ишмердүүлүк футболчуга жылына 20 миллион доллардай кошумча киреше алып келет, бирок ал тапкан акчасынын баарын жеке муктаждыктарына коротпойт. Мбаппе кайрымдуулук иштерине активдүү катышат. Атап айтканда, ал аз камсыз болгон өспүрүмдөр үчүн Inspired by KM кайрымдуулук фондун негиздеген.

Фил Микелсон

Гольф миллионерлердин оюну деп эсептелет. Бирок бул оюн таланттуу спортчуну миллионер кыла алат. Буга 1992-жылы карьерасын баштаган америкалык гольф оюнчусу Фил Микелсондун мисалы далил болот. Дүйнөлүк гольф даңк залына кирген Микельсон жыл сайын 102 миллиондон кем эмес киреше табат. Ал гольф спортунун "эң кары" катышуучусу. Ал учурда 52 жашта. Ошентип, 2021-жылы PGA чемпионатында 50 жаштагы Микелсон гольф тарыхындагы эң кары негизги жеңүүчү болуп калды.

Неймар

Бир жылдан бери "Пари Сен-Жермендин" чабуулчусу 100 миллион доллар да таппайт. Бирок 31 жаштагы Неймар топ-10дуктун эң жаш катышуучуларына киргендиктен (Бир гана Джаннис Антетокоунмпо жана Килиан Мбаппе андан кичүү), анын баары алдыда деп айтууга болот. Азырынча футболчунун кирешесинин көбүн (70 миллион) спорттук гонорар түзөт. Бирок, Неймар Puma жана Red Bull менен кирешелүү жарнамалык келишимдерди түзүп, жакында эле NFT'терге инвестициялай баштады.

Стивен Карри

Бир убакта Стивен Карри Голден Стэйт Уорриорз менен кол койгон 200 миллион долларлык келишим таң калтырган. Бир дагы НБА оюнчусу ошол сезондо андан ашык акча ала алган жок. Талаадан тышкаркы ийгиликтүү баскетболчу каржылык жактан да ийгиликтүү болуп, жылдык кирешеси 92,8 миллион долларды түзөт. Ал үчүн кирешенин маанилүү булагы Under Armour менен көп жылдык жарнамалык келишим болгон. Эксперттердин айтымында, ал спортчуга жылына 20 миллиондон кем эмес киреше алып келет. Карри шоу-бизнесте да жүргөн адам. Ал негиздеген Unanimous компаниясы тасмаларды тартып, телекөрсөтүү үчүн контент жаратат.

Кевин Дюрант

Жакында эле «Феникс Санс» клубуна которулган баскетболчу мыкты оюнчу катары гана эмес, өзүнүн бизнес империясынын жаратуучусу катары да белгилүү. Nike менен келишим боюнча гана ал жылына кеминде 28 миллион доллар табат. Жалпысынан анын жылдык кирешеси 92 миллиондон ашат. Ошондой эле Thirty Five Ventures инвестициялык компаниясын негиздеп, ал аркылуу келечектүү стартаптарга инвестиция салат. Дюранттын акыркы салымдарына NFT платформасы OpenSea жана Future стартап кирет. Баскетболчунун эң ийгиликтүү бизнес долбоорлорунун бири CoinBaseге инвестиция салуу болуп саналат. Бир нече жыл ичинде анын баасы 100 миллиард долларга чейин өскөн.

Сауль (Канело) Альварес

Таланттуу мексикалык спортчу профессионалдык бокста дебютун 15 жашында жасап, 32 жашында жер жүзүндөгү эң көп айлык алган мушкер болуп калды. Ал жылына 90 миллион тапкан. Мурдагы чемпион Плант менен болгон беттеши үчүн 40 миллион доллар алган. Бул супер орто салмактагы дүйнө чемпионунун кирешесинин негизин кармаш үчүн гонорар түзөт. Ал рингде 85 миллион доллар табат. Ал эми рингден 5 миллион гана доллар табат. Альварестин башка киреше булактары - Хеннесси жана Мексикадагы ресторан менен кызматташуу.

Яннис Адетокумбо

Бул спортчу жылына 80,9 - миллиондогон долларлар менен киреше тапкан. Милуоки Бакс НБАнын чабуулчусу баскетболдогу ийгилиги менен гана эмес, 2020-жылдын декабрында 5 жылдык, 228 миллион долларлык келишимге кол койгону менен белгилүү. Бул бүгүнкү күнгө чейин жалпы наркы боюнча НБАнын эң чоң келишими. Antetokounmpo WatchBox инвесторлорунун бири болуп саналат. Ал ошондой эле NFT платформасы NFSTAR жана WhatsApp мессенджери менен кызматташуу келишимине кол койгон.

Эң көп төлөнүүчү спортчулардын кирешелери он миллиондогон долларды түзсө да, спорттук гонорарлардан гана түзүлбөйт. Футбол аянтчасына же рингге киргени үчүн канча айлык алса, спорт жылдыздары жарнама үчүн, ток-шоулорго чыгып, жеке брендин коммерциялык максатта колдонгону жана башкалар үчүн акча алышат. Ал эми буга компаниялардан түшкөн киреше кошулат. Эгерде алар ошол компанияларга ээлик кылса, анда спортсмендердин кирешелеринин таасирдүү көлөмү таң калтырбай калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан