Бишкек шаарында жана Чүй облусунда азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жүргөн улутчулдардын жашыруун тобу 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Маалым болгондой, 2-августта кармалган улутчулдардын жашыруун тобу 1-октябрга чейин камакка алынган. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгилей кетсек, 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети аталган топтун кармалганын билдирген болчу.