Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасын ачуу макулдашылды деген маалыматты жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери чек арада ай сайын жолугушууларды өткөрүп турат. Анда жолугушуулардын максаты чек ара аймактарында пайда болгон маселелерди жеринде ыкчам чечүү, чыр-чатактарга жеткирбөө, тынчтыкты камсыз кылуу.
Ага ылайык, дагы бир жолугушуу бул ирет үч тараптуу өттү. Жолугушуу ушул жылдын июль айында, Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди, Өзбекстандын Фергана облустарынын башчыларынын катышуусунда болду.
"Жолугушуу биринчи кезекте чек ара аймактарында тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт. Ошондой эле кылым карыткан коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө менен, облустар аралык ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси-бул мамлекеттик деңгээлде, эки тараптуу чечилүүчү маселе, учурда өкмөттөр аралык комиссия чек араны тактоо жумуштарынын үстүндө активдүү иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушуулар төмөнкү тематикада өткөрүлөт:
-биринчи кезекте эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгуу,
-экинчи кезекте чек араны ачуу маселесин этап-этап менен кароо, ар тараптуу байланыштарды чыңдоо маселелери турат.