Бишкектеги "Дубровский" ресторанынын кожоюну Валерий Серков "Бишкек мэриясы ресторанды мыйзамсыз тартып алган" деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-августта видео кайрылуу жасады.
"Социалдык тармактарда "мэрия ресторанды мыйзамсыз тартып алды" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Чындыгында эле Бишкек мэриясы мага ресторандын жеринин арендасы бүткөндүгү тууралуу документин көрсөттү. Бул имаратты мен 3 жыл кургандыктан мен аны балам сыяктуу эле көрөм. Ошол себептен бузгум келбей өзүмдүн ыктыярым менен, эч кандай нараазычылыксыз, ошол бойдон мэриянын карамагына өткөрүп берүүнү туура көрдүм. Ал жер шаардыктардын керегине жарай турган башка имарат болот. Албетте ал ресторан боюнча калбайт. Бишкек мэриясынын айтымында, ал "Тез жардам" кызматынын станциясы болот. Менин оюмча бул эч кандай трагедия эмес. Шаардыкы болгондон кийин шаарга өткөрүп берүүнү туура көрдүм", - деди Серков.
Ошондой эле ал мэрия тарабынан эч кандай кысым болбогондугун кошумчалады.
"Нурдан Орунтаев биз ушул бөлмөдө ушул теманы талкуулоо үчүн бир нече жолу жолуктук. Шаар үчүн мен түшүнүү менен сиздерге макулдугумду бергем. Сиз тараптан эч кандай кысым көргөн жокмун. Сиз жакшы иш алып барып жатасыз. Ишиңизге ийгилик", - деп кошумчалады ал.
Ага кошумчалай, Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаев ишкерлер үчүн башка жакшы жерден орун бериле тургандыгын айтты.
Эске салсак, кечээ, 3-августта мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев "Дубровский" рестораны толугу менен мамлекеттин карамагына өткөндүгүн билдирген.