Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтаев бүгүн, 3-августта "Дубровский" рестораны толугу менен мамлекеттин карамагына өткөндүгүн өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
"Дубровский" рестораны толугу менен мамлекеттин балансына өттү. 0,37 гектар жери жана 48 миллион 500 миң сомдук имараты менен мамлекеттин карамагында болот", - деп жазды Орунтаев.