Бүгүн, 6-августта борбор калаанын Байтик Баатыр көчөсүндө мушташып жаткан балдардын видеосу тарады. Анда 5 жаш жигиттин мушташып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча изилдөө иштери жүрүп жатканын, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат кийинчерээк жарыялана турганын билдирди.