"Ала-Арча" капчыгайынан 41 жаштагы Борис Михайловдун жансыз денеси табылды. Ал эми анын 8 жаштагы кызы Руфинаны издөө иштери уланууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, анын жансыз денеси саат 09:53тө дарыядан табылган.
Борис Михайлов кызы менен "Ала-Арча" паркына 3-августта кеткен. Ошондон бери алардын дайыны чыкпай жаткан.