Кечээ, 6-августта Астана убактысы боюнча саат 20:29да Алматыдан 17 чакырым түштүктө жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмологиялык эксперименталдык-методикалык экспедициядан (СОМЭ) билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн энергетикалык классы 8,8, магнитудасы 4,2 балл болгон.
"Эпицентр координаттары 43,06°, 76,89° . Тереңдиги 10 чакырым. Кабыл алуу маалыматы (MSK-64 шкаласы боюнча): Алматы, Алма-Арасан капчыгайы 2 балл", - деп айтылат СОМЭ билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, 6-августта Ооганстанда да эки жер титирөө катталды. Биринчиси саат 06:32де Алматыдан 854 чакырым түштүк-батыш тарапта катталган. Экинчиси - саат 19:23тө Алматыдан 903 чакырым түштүк-батыш тарапта.