Режиссёр Грета Гервигдин "Барби" кинокомедиясы дүйнө жүзү боюнча бир миллиард доллар киреше тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тасма прокатка чыккандан эки жарым аптадан кийин АКШ кассасынан 459 миллион доллар, дүйнө жүзү боюнча 572 миллион доллар тапкан. "Барби" тасмасына "Warner Bros" студиясынын тасмаларынан айырмаланып 17 күндөн азыраак убакыт талап кылынганы айтылат.
"Маттел" куурчак компаниясы тууралуу аталган тасманын дүйнөлүк бет ачары 2023-жылдын 21-июлунда Кристофер Ноландын "Оппенгеймер" драмасы менен бир күндө болгон.
"Барби" тасмасы режиссёрдун "Бир туугандар Супер Марио" тасмасынан кийинки эң көп киреше тапкан киносу экени маалымдалат.