Кечээ, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында топ балдар арасындагы мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза тапканы тууралуу маалымат чыккан. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө эпилепсия оорусу себеп болгон деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан. Бүгүн, 7-августта Ысык-Көл ОИИБи аталган окуя боюнча билдирүү таратты.
Милициянын маалыматына караганда 6-август күнү болжол менен таңкы саат 05:10 чамасында Ысык-Көл РИИБине "103" кызматынан билдирүү түшкөн. Анда Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатындагы көл жээгинде 23 жаштагы жигит каза болгону айтылган.
Окуя болгон жерге Бостери айылдык милициясы барганда каза тапкан жаран А.Б. аттуу Талас облусунун тургуну экендиги аныкталган. Ал 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Бостери айылына эс алганы келгени белгилүү болгон. Маркумга алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес.
Классташтарынын биринин айтымында каза тапкан жигит 5-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында, дагы бир классташы менен көл жээгиндеги барда эс алып жатышкан. Ошол учурда ал белгисиз жарандар менен чатакташа кеткен. Кийинчерээк аны ылдыйраак жактан эс-учун жоготкон абалда табышкан.
Каза тапкан жигитке биринчи жардам көрсөткөн У.К. аттуу Ош облусунун тургуну да милицияга окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында 5-август күнү таңда көл жээгиндеги жардам сураган кыйкырыктарды угуп чуркап барган. Ал эс-учун жоготуп жаткан жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөткөн. Ошол учурда ал эс-учу жок жаткан жигит тилин жутуп алганын байкаган жана тилин чыгаруу үчүн анын жаагын ачууга аракет кылган. Бул учурда тез жардам келип жетишкен. Бирок жигиттин өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Ысык-Көл РИИБи учурда маркумдун өлүм себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, экспертизанын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чечим кабыл алынарын билдирди.
Милиция ошондой эле мушташ учурунда тартылган делинип, интернетте тарап жаткан видеону жокко чыгарды.
"Аталган видеодогу окуя ушул жылдын 3-июль күнү Кара-Ой айылынын жергиликтүү тургундар менен "Акун" пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон. Алардын айтымында, 3-июль күнү саат 01:00 чамасында көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен", - деп айтылат маалыматта.