Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында балдар арасында чыккан мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза болду. Маркумдун агасы коомчулукка кайрылып, инисинин өлүмүнө себепкерлерди табууга жардам сураган видео социалдык тармактарга тарады.
Анда ал 6-августка караган түнү аталган пансионатта эс алып жүргөн инисин топ балдар сабап өлтүрүп койгонун билдирген.
"Менин иним көлгө балдар менен эс алып келген. 6-августка караган түнү мына ушул жерде отурган 7, 8 бала менен пикир келишпестик чыккан экен. Ал балдар менин инимди сабашып, иним каза болуп калды. Ошол күнү окуяны ким көргөн болсо, ким видеого тартып калган болсо бизге жиберип коюңуздарчы", - деген ал.
Ал ошондой эле аталган ишке тергөөчүлөр кош көңүл карап, иниси мушташтан эмес, эпилепсиясы кармап калгандыктан каза тапканын айтып жатышканын билдирген.
"Милиция эпилепсиясы кармап каза болгон деп жатат. Эгер инимдин эпилепсиясы бар болсо биз моюнубузга алмакпыз. Ал спорт менен машыкчу. Эч кандай эпилепсиясы жок болчу. Милиция ишти ылдамыраак жаап салуу аракетин көрүп жатабы билбейм", - деди каза болгон жигиттин агасы.