Бишкекте көчөдө мушташып жаткан балдардын видеосу боюнча Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирүү таратты. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Бул факты Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында катталып, териштирүү иштери башталды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Чоо-жайын кийинчерээк билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 6-августта борбор калаанын Байтик Баатыр көчөсүндө мушташып жаткан балдардын видеосу тараган. Анда 5 жаш жигиттин мушташканы белгилүү болгон.