Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси "Интер Майами" клубунда үчүнчү ирет катары менен дубль жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, кечээ, 6-августта Лига Кубогунун чейрек финалында "Интер Майами" менен "Даллас" клубдары оюн талаасына чыгышкан. Оюн 4:4 эсеби менен аяктап, пенальтилер сериясында "Интер Майаминин" 5:3 эсебинде утуп алышы менен жыйынтыкталган.
Оюнда Месси 6-мүнөттө жана 85-мүнөттө гол жаратып, командасы үчүн дубль жасаган. Муну менен ал Лига Кубогунда төрт оюнда жети гол киргизүүгө жетишти.
Эске салсак, Месси июлда эркин агент катары "Интер Майамиге" өтүп, 22-июлга караган түнү биринчи беттешинде гол киргизип, дебют жасаган. Акыркы эки жылда аргентиналык футболчу француздук "Пари Сен-Жермен" клубунда оюн көрсөткөн. Жалпысынан Месси өткөн сезондо Франция чемпиондугунда 32 оюнда 16 гол киргизүүгө жетишкен.