Бишкектин чок ортосунда ок атышууга шектелип 5 адам кармалды

Бүгүн, 7-августка караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар тарабынан ок атышуу орун алды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн таңкы саат 4:00 чамасында Бишкек ШИИББине Чүй проспектиси менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде ок атышуу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам тергөө тобу барганда ок атышуу фактысы тастыкталган. Милиция кызматы 5 жаранды, А.Р. (1995-жылы туулган), С.А. (1995-жылы туулган), Т.Ф. (1988-жылы туулган), И.А. (1983-жылы туулган) жана А.А. (1985-жылы туулган) кармалганын билдирди.

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери уланып жатканы айтылды.

Атыш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан