Сауд Арабиянын Жидда шаарында Кытай, Индия, АКШ жана Европа өлкөлөрү баш болуп, 40 өлкө катышкан кеңешме жыйынтыкталды. Кеңешме Украинада тынчтык орнотуу маселесин карап, мындан ары ушундай кеңешме өткөрүп турууну макулдашышты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, Украина тарап Сауд Арабиядагы сүйлөшүүлөр Орусия менен согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жемиштүү болгонун айтса, Москва бул жолугушууну Глобалдык Түштүк өлкөлөрүн Киев тарапка оодаруу аракети катары сыпаттаган.
Ал эми Украина менен союздаштары "кеңешмени өлкөдөгү тынчтыктын пайдубалын түптөө, орусиялык аскерлердин баарын өлкөдөн чыгаруу жана Украинанын бардык аймагын Киевдин көзөмөлүнө кайтаруу сыяктуу принциптерге кеңири эл аралык колдоо табуу аракети" деп аташты. Президент Володимир Зеленський ушул принциптерге негизделген глобалдык саммиттин жылдын аягында дагы өтүүсүн каалай турганын билдирди.
Ошондой эле Сауд Арабиянын маалымат министрлиги катышуучулар тынчтыкка жол ачуу үчүн кеңешмени улантып турууну макулдашканын билдирди.
Эске салсак, ишемби жана жекшемби күндөрү Сауд Арабияда 40ка жакын өлкөнүн, анын ичинде АКШ, Кытай жана Индиянын расмий өкүлдөрү кеңешме өткөргөн. Кеңешмеге Орусия катышпаса да, сүйлөшүүлөргө көз салып турарын айткан.
Бирок эл аралык уюмдардын маалыматында, учурда Украина менен Орусиянын ортосунда согуш жүрүп жаткандыктан түз тынчтык сүйлөшүүлөрдүн болушу мүмкүн эмес. Батыш өлкөлөрү жалпысынан Украинаны колдоп келгени менен, башка көптөгөн мамлекеттер кайсы бир тарапта болууну каалашпайт.