Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулап жүргөн 61 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну кармалды. Андан далил катары 51 даана "Чабак" балыгы жана үйлөмө резина кайыгы алынганы айтылды.
Аталган факты Ысык-Көл РИИБинде каттоого алынып, чогултулган материалдар аймактык милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилгени кошумчаланды.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров буга чейин Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу жөнүндө мыйзамга кол койгон.