Эртең, 8-августта Бишкектин айрым жерлеринде саат 09:00дөн 14:00гө чейин суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ичүүчү суу Анкара көчөсүнөн түштүккө карай 7-апрель көчөсүнө чейин, Улан-2 кичи району, Суванбердиев көчөсү, Кара-Дарыя көчөсүнөн Достук көчөсүнө чейин, Кара-Дарыя көчөсүнөн батышка Скрябин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин Шоокум, Конорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү боюнча өчүрүлөт.
"Өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, 11-кичи райондогу диаметри 500 мм болгон суу түтүктө болгон иштерге байланыштуу.
Мавлянов көчөсүнөн тартып Көк-Жар кичи районундагы №18 үйүнө чейин ичүүчү суу токтотулат", - деп жазылат маалыматта.