Ысык-Көлдө Баткен өрүгүн саткан жай ачылды (сүрөт)

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Баткен өрүгүн саткан жай ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, Чолпон-Ата шаарында экологиялык жактан таза, кургатылган өрүк саткан атайын жай ачылып, иштеп баштады.

"Максаты - Баткен өрүгүн даңазалоо, өрүк өстүргөн багбандарды, өрүктү кайра иштеткен ишкерлерди колдоо, Кыргызстанга келген туристтерге экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларыбызды тартуулоо болуп саналат.

Дареги Чолпон-Ата шаарынын борбордук паркы, "Баткен берекеси" чатыры", - деп жазылат маалыматта.

Бул иш-аракет Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапарбек Ормоновдун макулдашуусунун алкагында ишке ашканы айтылат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан