БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 5 талапкерди каттады. Кимдер? 

Бүгүн, 7-августка карата Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 5 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде тѳмѳндѳгү талапкерлер катталды:

1) Аскар Алмаз уулу;

2) Токтогул Какчекеев;

3) Эртай Искаков;

4) Турсунбай Бакир уулу;

5) Сулайман Мамаев.

Белгилей кетсек, депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августта, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан