Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында "Ак куу көлү" балети "Рух-Ордо" маданий борборунда тартууланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера балет театрынын чыгармачыл труппасы 1-августан бери П.И.Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетин шаар тургундарына жана көл жээгиндеги эс алуучуларга тартуулап жатышат.
"Иш-чара башталган күндөн тарта аталган балетти барып көргөндөрдүн саны арбын. Балет күн сайын саат 19:00дө башталууда", - деп жазылат анда.
Ошондой эле бул балет 10-август күнү жыйынтыкталары маалымдалат.