Президент Садыр Жапаров Шови курортундагы жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
"Грузиянын Шови курортунда болгон жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Грузиянын Шови курортунда 3-августта жер көчкү болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, 18 адам, анын ичинде бир нече жаш балдар каза болгон. Издөө-куткаруу иштери уланууда. Бүгүн, 7-август Грузияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.