Бишкектеги ок атышууга шектүү 2 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Биринчи Май РИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, 7-август күнү таңкы саат 4:00 чамасында Чүй проспектиси менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде ок атышуу орун алган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгону айтылат.
"Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Биринчи Май РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү А.Р. жана 1995-жылы туулган С.А. тергөө кызматына өткөрүлүп, убактылуу кармоочу жайына камалды. Мындан тышкары, кылмышка шектүү А.Р. милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен "ПМР 45 rubber" үлгүсүндөгү травматикалык тапанча жана 3 даана ок берген", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кабарланат.
Эскерте кетсек, милиция кызматы кечээ, 7-август күнү ок атышуу катталган жерде 5 адамды кармаган.