Кыргызстанга жаңы бизнес өнөктөштөрдү издөө максатында Орусиядан делегация келди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.
Маалым болгондой, орусиялык ишкерлер агро өнөр жай комплексине өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга жана жергиликтүү ишканаларга жабдууларды жеткирүүгө даяр.
Орусиялык ишкерлер Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен ушул жана башка маселелерди талкуулашты.