АКШда бороондон улам миллиондон ашык  адам электр жарыгысыз калды

Кечээ, 7-августта АКШнын чыгыш жээгинде башталган катуу бороондон улам 1 миллиондон ашык адам жарыксыз калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, бороондон улам Миссисипиден Нью-Йоркко чейинки бир нече штат зыянга учураган. Катуу шамалдан улам электр зымдары үзүлүп, айрым аймактарда сел жүргөн. Өзгөчө Түндүк Каролина, Пенсильвания, Мэриленд жана Жоржия штаттарында электр жарыгы өчкөн.

Буга чейин катуу соккон бороондон Теннесси штатында үйлөрдүн чатырлары учуп, 2 адам каза болгонун CNN басылмасы жазып чыккан.

Ошондой эле бороон-чапкындан улам Нью-Джерси, Нью-Йорк, Пенсильвания штаттарындагы жана Колумбиянын метрополитан округундагы бир нече аба майдандар жабылып, 8 миңден ашуун аба каттамдар токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан