"Айрым аймактарда жаан жаайт". 9-августка карата аба ырайы

9-августта өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Кыргызгидромет борборунан маалымдады.

Маалыматка ылайык, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жерлеринде жана тоо этектеринде өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлүүдө.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 чакырымдан, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 чакырымга жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…22, күндүз +30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27 градус ысыйт.

"Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +31…+33 градус болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан