Ош облусунун Өзгөн районунда 18 жаштагы Муслимахон Хакимжанова 17 күндөн бери дайынсыз болуп, изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2-август күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн шаарынын 43 жаштагы К.Х. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 22-июль күнү кызы 2005-жылы туулган Хакимжанова Муслимахон Хсунбаевна үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар электрондук журналга катталып, издөө иштери башталган.
Кийген кийимдери: башында кызыл түстөгү жоолук, үстүндө кара түстөгү көйнөк, астында кызыл түстөгү шым, бутунда кара түстөгү жайкы бут кийим.
Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү арык, кара-тору, кашы-көзү кара, чачы кара узундугу 40-45 сантимтер.
Эгерде кимдин дайынсыз жоголгон Муслимахон Хакимжанова тууралуу кандайдыр-бир маалыматы болсо төмөнкү телефондорго кабарласа болот:
тел.: 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93