Латвия Орусия менен Беларуска чектеш аймагын кайтаруу режимин күчөтөт

11-августтан тарта Латвия Орусия жана Беларусь менен чектешкен Лудза, Краслава, Аугшдаугава жана Даугавпилс облустарынын административдик аймактарындагы чек араны кайтаруу режимин күчөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, мамлекеттик чек ара кызматы Латвия-Беларусь чек арасында көзөмөлдү күчөтөт.

"Буйрук мамлекеттик чек аранын кол тийбестигин камсыз кылуу жана мамлекеттик коркунучтун алдын алуу максатында чыгарылды. Муну менен Латвия-Беларусь чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракеттеринин пропорционалдуу эмес көптүгү эске алынды", - деп жазылган маалыматта.

Латвиянын Ички иштер министрлиги Беларустун аймагынан чек араны мыйзамсыз кесип өткөн фактылар боюнча маалымат келип жатканын билдирген. Анда 2021-жылдын 11-августунан бери 14 миң адам өлкөнүн чек арасын өткөрүү пункттарынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Ошол эле учурда гуманитардык себептерден улам 2023-жылдын январь айынан бери Латвияга 282 адам кирген, анын 117син балдар түзөт.

Басылмалардын маалыматына караганда, 2021-жылы Беларустан Европага мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган мигранттардын агымы кескин көбөйгөн. Евробиримдик бул үчүн Беларус бийлигин айыптап, бийлик мыйзамсыз мигранттарды токтотууга аракет кылбастан, аларды атайын чек ара аймагына алып келип жатат деп айтып чыгышкан. Мындан улам Литва менен Латвия Беларус менен чектеш аймактарга өзгөчө кырдаал киргизип, тосмолорду курушкан.

Белгилей кетсек, акыркы 2 айда Польша "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жалданма аскерлери Беларуска барышкандан бери аталган өлкө менен чек арасын бекемдей баштаган. Буга чейин 1-августта Польшанын Коргоо министрлиги Беларустун эки тик учагы өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын айтып, Польша өзүнүн аскердик тик учактарын чек арага тарткан. Ал эми Беларус өкмөтү бул айыптоолорду Польша беларус-поляк чек арасына жакын жерде өзүнүн аскер күчтөрүн көбөйтүү үчүн шылтоо катары пайдаланып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан