Бишкекте кичи автобустун жүргүнчүлөрүн отвёртка менен коркуткан жарандар кармалды

Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандардын өздүгү такталып, иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде отурган белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган. Видеодо коркутуп жаткан жарандардын бири белгисиз нерселер менен куралданганын көрүүгө болот.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүшүп, алардын өздүгү такталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар мурда бир нече жолу соттолушкан 1994-жылы туулган К.Ж жана 2005-жылы туулган А.Р. болуп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда №199 кичи автобуста чөнтөк ууру жүргүнчүлөрдүн биринин телефонун уурдап жатканда кармалып калган. Алардын айтымында ортодо уруш чыккан. Анда жүргүнчүлөр "чөнтөк ууруну милицияга кармап беребиз" дешкенде дагы бир жакыны жардамга келген. Алардын бири отвёртка менен жүргүнчүлөргө тап берип, качып кетишкендиги айтылат.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан