Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио борбор шаар Китодо шайлоо алдындагы үгүт жыйынынан кийин өлтүрүлдү. Бул тууралуу El Universo гезити жазып чыкты.
Белгисиз адамдар саясатчынын башына үч жолу ок чыгарган. Анын өлтүрүлгөнүн жеке досу жана шайлоо алдындагы кеңешчиси, доктор Карлос Фигероа тастыктады.
Булактардын айтымында, сегизге жакын адам жабыркап, алар ооруканага жаткырылган.