КМШ оюндарында өлкөнүн кичи-футбол боюнча жаштар курамасы Беларустун командасы менен тең чыкты 

Кыргызстандын кичи-футбол боюнча жаштар курама командасы (U19) Минск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Беларустун командасы менен тең чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, мелдеш 1:1 эсебинде аяктады.

Биринчи беттеште Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Орусиянын командасына жеңилсе, экинчи оюнда Азербайжандын командасын 5:2 эсебинде утуп алган.

Кыргыз футболчулары кийинки оюнун 12-августта Өзбекстандын командасына каршы өткөрөт. Ал эми 13-августта финалдык беттештер орун алмакчы.

КМШ оюндарында кичи футбол боюнча жалпы 5 өлкөнүн (Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Беларусь) курама командалары катышып жатат.

Эскерте кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан