Футзал боюнча 19 жашка чейинкилер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы КМШ оюндарынын алкагында Азербайжан курамасын 5:2 эсебинде жеңип алды.
Муну менен Кыргыз курамасы КМШ оюндарында алгачкы 3 упайын алды. Кийинки беттешин кыргыз футзалчылары Беларусь курамасына каршы өткөрөт. Оюн эртең, 9-август күнү өтөт.
Белгилей кетсек, КМШ оюндарында кичи футбол боюнча жалпы 5 өлкөнүн (Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Беларусь) курама командалары катышып жатат.
Кыргыз курамасы буга чейин Орусияга 3:0 эсебинде утулуп калган.