Америкалык миллиардер Илон Масктын аянты 37 чарчы метрди түзгөн үйүнүн сүрөтү жарыяланды. Сүрөттү Масктын биографы Уолтер Айзексон Х (мурдагы Twitter) социалдык тармагында жарыялады.
Маалым болгондой, 2020-жылы Маск беш люкс турак-жайын сатып, сүрөттөгү кичинекей модулдук үйгө көчүп кеткен. Айзексондун билдирүүсүндө миллиардер Техас штатынын Бока Чика шаарында SpaceX компаниясынан эки бөлмөлүү "спантан үйүн" ижарага алган.
Сүрөттөн кичинекей конок бөлмөсүн жана тар эшикти байкоого болот. Столдо кофе жана башка нерселер менен бирге самурай кылычы жатат, ал эми дубалда мукабасында космостук кемеси бар Amazing Stories илимий-фантастикалык журналынын постери илинип турганы байкалат.
Белгилей кетсек, 2021-жылы Маск Бока Чикада ижарага алган үйүнүн баасы болжол менен 50 миң доллар экенин жана аянты болгону 37 чарчы метрди түзөрүн айткан.
Учурда Масктын азыр кайда жашаганы белгисиз. Сүрөттөгү үйдү ал 2022-жылдан бери конок үйү катары колдонуп жатканы айтылды.
The Wall Street Journal жазгандай, ишкер Техас штатында шаркыратманын жээгинде өзүнө айнек үй куруп жатат.