Бүгүн, 10-августта №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү аяктайт. Бул тууралуу БШК маалымдайт.
Белгилүү болгондой, депутаттыкка талапкерлигин койгондордун саны 31ге жетти.
Алардын алтоосун БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттады. Саат сайын тизме жаңыланууда.
Ленин округу боюнча депутаттын бош турган орун үчүн шайлоо экинчи ирет өткөрүлгөнү жатат. Буга чейин саясий өнөктүктүн жыйынтыктары добуш сатып алуунун айынан жокко чыгарылган эле.
Бул жолку шайлоо 10-сентябрда өтөт.