Москванын "Динамо" футболдук клубунда ойноп келген норвегиялык футболчу Маттиас Норманн Москва-Ситиге учкучсуз учуучу аппараттардан чабуул болгондон кийин Орусиядан качып кетти. Бул тууралуу москвалык клуб расмий сайтына жарыялады.
Маалыматка ылайык, футболчу Москва-Ситиге жакын жерде жашап келген. Чабуул болгондон кийин ал Москвадан качып чыгып кеткен. "Динамо" клубу футболчуга башка жерде жашоону сунуштаган, бирок ал макул болгон эмес.
Эми "Динамо" футболдук клубу келишимди бузганы үчүн норвегиялык футболчуну сотко бергени жатат.
Буга чейин Норманн "Динамо" клубунда машыгууга жана медициналык кароого кечиккени үчүн айыпка жыгылган.