"Имараттан чыга алган эмес". Францияда майыптар үйүндөгү өрттөн 11 адам каза тапты

Франциядагы Колмар аймагындагы майыптар жашаган үйдөн өрт чыгып, 11 адам каза тапты. Бул тууралуу Еuronews басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 9-августта эртең менен катталган. Анда имараттын биринчи кабатындагы 12 адам куткарылган. Ал эми экинчи кабаттагы 11 майып адам имараттан сыртка чыга албай калышкан.

Колмар прокурорунун орун басары Натали Килвассердин айтымында, Винценхайм шаарындагы жеке үйдүн үстүнкү кабатында уктап жаткан 11 киши жалындын астында калган, алардын бешөөсү куткарылган.

"Өрттүн келип чыгышын жана имараттын бардык зарыл болгон коопсуздук стандарттарына ылайык келүүсүн аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деген ал.

Маалыматка караганда, өрттү чектөө жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн өрт өчүрүү бөлүмүнөн 76 өрт өчүрүүчү, төрт өрт өчүрүүчү унаа жана төрт тез жардам унаасы тартылган. Ошондой эле 40 милиция кызматкери жардам көрсөткөн.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон X социалдык тармагындагы баракчасына: "Менин ойлорум бул трагедияда курман болгондор, жабыркагандар жана алардын үй-бүлөлөрү менен. Коопсуздук күчтөрүбүзгө жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарына рахмат", - деп жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан