Ысык-Көлдүн Түп районундагы селден жабыркаган тургундар үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ага ылайык, табигый кырсыкка кабылган жашоочуларга жардам берүүнү каалагандар акча каражатын которсо болот.
Белгилей кетсек, Түп районунун Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Кѳөчү, Корумду, Күрмѳнтү жана Балбай айылдарында сел жүрүп, айыл тургундарынын айдоо жерлерине жана жеке мүлкүнө зыян келтирилген.
Учурда куткаруучулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери аяктап, атайын кызматтардан бөлүнгөн инженердик техникалары жабыркаган арык каналдарды, селден агып келген кум шагылдарды тазалоо иштери жүрүп жатканы айтылат.