Түптөгү селден жүзгө жакын турак үйдүн короосу зыянга учурады

Ысык-Көлдүн Түп районундагы селдин кесепетинен жүзгө жакын турак үйдүн короосу зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 7-августта Түп районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары айылдарды каптаган.
Каркыра айыл аймагынын Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан болжол менен 92 турак үйдүн короосу, жер төлөсү жана ички чарбалык жолдору, айдоо талааларында сел жүргөнү айтылат.
"Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты. Алсак, ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына караштуу район-шаар бөлүмдөрүнөн 103 куткаруучу иштеп жатат.
Ошондой эле техникалык иштерди аткарууга 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 3 ХОВО, 2 АКУ, мотопомпалар тартылган.
Таң эрте куткаруучулар 5 топко бөлүнүп башкармалыктын башчысы полковник Мирлан Карабаев жетекчилиги менен үймө-үй кыдырып, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө.
Куткаруучулар тарабынан турак үйлөрдүн короо-жайлары тазаланып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, кырсыктын кесепетин жоюуга Каркыра айыл аймагынан 40, Түп ИИБинен 20, райондук администрациясынан 5 адам чыкканы кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан