"Айлык 60-70 миң болсун". Бишкекте троллейбус айдоочулары жумуштан кетүү үчүн арыз жазышты

Кечээ, 9-августта "Бишкек троллейбус" башкармалыгында жыйын болуп, сентябрдан тарта эмгек акы 50 миң сомго чейин көтөрүлөрүн билдирген. Бирок буга айдоочулардын жарымы мындай чечимге макул эместигин айтып, бүгүн, 10-августта жумуштан кетүү арызын жазышты.

Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына аталган башкармалыктын жетекчиси Талант Капаров тастыктады.

Анын айтымында, айдоочулардын айлыгын 60-70 миңге көтөрүүгө учурда башкармалыкта андай мүмкүнчүлүк жок.

"Кечээ, 9-августта айдоочулар менен жыйын өткөргөнбүз. Учурда айдоочулардын орточо айлыгы 22-25 миңди түзөт. Бирок биз накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин айлыктарын 50 миңге көтөрүп берерибизди айттык. Бирок айдоочулардын көпчүлүгү буга нараазычылыгын билдирип, айлыктарын 60-70 миңге көтөрүүнү сунуштап жатышат. Ошол себептен 50дөй троллейбус айдоочулары жумуштан кетүү үчүн арыздарын жазышты. Троллейбус башкармалыгынын айдоочулардын айлыгын 60-70 миңге көтөрүүгө азырынча мүмкүнчүлүгү жок", - деди Капаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан